“Супара” этно-этнокомплекc | Этно-комплекс "Supara"

“Супара” этно-этнокомплексинин жаралуу тарыхында уникалдуулук бар экенине ынанасың. Долбоордун идеясы, анын турмушка ашырылышы менен “Шоро” компаниясынын директору Табылды Эгембердиев ой толгоп, толугу менен иштеп чыккан. Ооба, буга чейин бизнес ишкери өзүн архитектура чөйрөсүндө чоочун сезгени менен анын жан дүйнөсүндө жаралган сүртүмдөрдү анык обьект кылып тургузууда белгилүү архитекторлор да алсыз болушкан. Бирок, оюндагысын мыктылап ишке ашырып көнүп калган инсан бул сапар да кичинекей шаарчаны курууга балта чотун колуна алып, өзү киришкени маалым.

Табылды Эгембердиевдин оюна, бүгүнкү тез маалымат жашоонун агымына сиңип бара жаткан байыркы мурасты сактап калуу идеясы дал ушул этно шаарчанын элесинде келет. Ата – бабаларыбызга жеткиликтүү болгон жөнөкөй жыгач, чопо, тери, таш, камыш өңдүү материалдар менен кынап этно- комлексти тургузуу ойдун башкысы эле.

Башкы идеяда Этно комплекс кыргыздардын көчмөн турмушун , маданиятын, салт- санаасын чагылдырууну көздөшү керек . Басып өткөн жолубуздан кабар айткан боз үй, коломтодогу жанып турган от, тамшандырган улуттук ашкана, мергенчилик, жылкы асыроо өнөрү… мунун бары эзелки элибиздин меймандостугунда. Эми аталган баалуулуктарыбызды канткенде бир уютку кылып чогулта алабыз деген суроо Табылды Эгембердиевдин жан дүйнөсүн өйүтүп , азыркы “Супара” алгач калем менен кагаз бетине түшкөн. Ишкер чет өлкөлөрдөгү сапарларында бөтөн элдин өз маданият, салтына кылган сый урматын көрүп, кагаздагы этно- комплекстин идеясын сөссүз ишке ашырыш керек экенине толук ынанат. Ары бери толгонуулардын аралыгында бош гектар жел тилкеси да табылган. Жаратман Табылдынын оюндагыны турмушка ашырууда табылган тилке аймакты, эми толугу менен бйиштин төрүнө айлантуу үчүн көп жумуштар али алдыда эле.

Табылды жана жубайынын командасынын иш жыйынтыгы көпкө күттүргөн жок. Ошентип ойдуң аймак тегизделип, чеке бели корголуп, ,саздуу жер кургатылат, ал жердеги булактын көзү тазаланат да мөлтүр сууга айланат.

Супаранын өзгөчөлүгү алгач толугу менен иштелип чыккан долбоордун болбогондугунда . Табылды Бердигулович оюнда жанган идеяны акырындап ээрчип отуруп кадам артынан кадам таштап, кыялындагы иштин биринчи бөлүгүн бир жарым жылда куруп бүтүргөн. Ошол эле жер тилкесиненен казылып алынган таштар «Таш үйлөрдү» курууга колдонулган. Таланттуу дизайнер, темир, жыгач усталардын маңдай теринин аркасынан көңулдү кубандырып, көз сүйүнткөн эмгектер пайда болот. Ошол эле таш үйлөр, күн жана айдын элесин берген асма шамдар, оригиналдуу формадагы стол жана стулдар,от жаккан таш очоктор,кыргыз жоокерлеринен кабар берген калкандар чегилген эшиктер. Ууз чебер чоң энелерибиздин байыркы учурдагы эмгегин даңазалоо да долбоордун башкы максаттарынан болгондуктан, кийизден килемдер ийленип, жаздыкчалар, курак төшөк өңдүү үй оокаттары атайы камдалган. Учурда Меймандар үчүн 7 боз үйдүн керегеси ачык. Коноктор табитине жараша бири биринен жасалгасы менен айырмаланган боз үйлөрдүн каалаганын тандап алса болот. Ошондой эле Орто Азиядагы эң чоң боз үй да, биздин этно-комлексте

Заманбап кыргыздардын турмушунда эски элести берген “Супаранын” курулушунан соң, мурун кийин аралашпаган иште, Табылды Эгембердиев өзүн дагы бир жаңы кырынан, архитектор катары сынай алды.

Этно комлекстин аталышында тарыхты карт кылган кыргыз элинин тамактануу маданияты жатат. Супара – чоң энелерибиз үстүн толтуруп жая салган байыркы тери досторкон. Баса, этно – комплекстин маани, мазмунунун бир сөз менен чагылдырган ысымды тандоо оор болуп, бир жылга дейре созулган. Канчалаган варианттар катталып, эң акыркы учурда “Супара” деген сунуш көпчүлүктүн көңүлүнөн орун таап , учурда тандалып алынган «Супара» этно комлексинин аты затына толук жарашат деген ишеним терең.