«Супара талкан» шоколад конфеттерин | Этно-комплекс "Supara"

СУПАРА КЫРГЫЗ ТАЛКАН

Жылдын жаңылыгы – Супаранын нукура кыргыз талкан шоколад конфеттери

Жогорку сапаттагы шоколад менен капталган, ичинде жергиликтүү органикалык таза жаңгак, кара өрүк жана мисте кошулган нукура даам талкан конфеттери. Курамында шекер, боёк, ароматизатор же консерванттар жок.

Конфеттердин курамындагы негизги азыктардын пайдалуу касиеттери арбын. Арпа талканы зыяндуу заттардан тазалайт жана кандагы кант менен холестеринди азайтат. Эртең менен арпа талканын жеген адам сергек болуп жүрөт. Сары май тамак сиңирүүгө жардам берет. Нерв системасына оң таасир тийгизип, ой жүгүртүү менен эске тутууну жакшыртат. Сары май менен күн сайын азыктануу аркылуу организмден токсиндер менен шлактарды чыгарса болот. Ал эми бал тамак сиңирүү менен тамакка болгон табитти жакшыртат. Бал кандын түзүлүшүн жакшыртып, иммунитетти көтөрүп, организмди мезгилинен эрте картаюудан сактайт. Бул азыктардын ден-соолукка пайдалуу касиеттерин ата-бабаларыбыз илгертен билип, азыктанып келишкен.

Замандын талабына жооп берген, чет өлкөгө чыгаарда сыймыктануу менен тартуулай турган белек. Конфеттерди сиз каалаган өлчөмдө атайын жасалгаланган кутуга салып беребиз. Же болбосо сиздин каалоңуз боюнча кайыш, жыгач, кийизден жасалган кыргыздын оймо-чиймелери бар атайын кутуга салып, даярдап беребиз.

Жакындарыңызга ата-бабаларыбыздын унутулуп бараткан нукура даамын тартуулаңыз!